Биз менен байланышыңыз

Эрназар менен Жоламан дүйнөлүк рейтингде үчүнчү орунга көтөрүлдү

Кыска кабар , Спорт | 10 Окт 2021 | 1047 | 0

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) менен эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев (70 кг) дүйнөлүк рейтингде үчүнчү орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтына жарыяланды.

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде эки балбан тең күмүш медаль алган. Мындан улам Жоламан Шаршенбековдун да, Эрназар Акматалиевдин да рейтинги дароо жогорулаган.

Белгилей кетсек, Эрназар Акматалиев Кыргызстандагы эркин күрөшчүлөр арасында Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, күмүш байге уткан биринчи балбан. Ал эми Жоламан Шаршенбеков 2018-жылы Венгриянын Будапешт шаарында өткөн Дүйнө биринчилигине 55 кг салмак категориясында катышып, анда да күмүш медаль алган.

Copyright © 2017 Maral FM