Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад шаарында «Эковеломарафон» өттү

Кыска кабар | 10 Окт 2021 | 325 | 0

Жалал-Абад шаарында «Эковеломарафон» аталышындагы жарыш өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Абанын булганышына коомчулуктун көңүлүн буруу, шаардагы экологиялык абалды жакшыртуу максатын көздөгөн бул иш-чара Жалал-Абад шаардык мэриясы, «Дестинация Жалал-Абад», Youth of Osh коомдук бирикмелери тарабынан уюштурулган.

Марафонго 100дөн ашуун адам катышты. Анын алкагында велосипедди автоунаага атаандаш катары колдонуу чакырыгы ташталды.

Жарыштын соңунда жеңүүчүлөргө атайын белектер тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM