Connect with us

«Интернеттеги алдамчылык менен күрөшүү оор»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Окт 2021 | 1006 | 0

Интернеттеги алдамчылык менен күрөшүү оорураак. Мындай пикирин адвокат Нурсултан Жаныбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, интернет алдоону юридикалык тил менен фишинг деп айтса болот. Интернеттеги алдоолор Инстаграм же Gmail сыяктуу ар кандай социалдык тармактар аркылуу болуп жатат.

«Сиз телефон утуп алдыңыз же «розыгрыш» болуп жатат деп алдашат. Интернет алдоолор менен күрөшүү оорураак. Бул кылмыш бизге Европадан, Россиядан келген. Бизде да пандемия учурунда Элсомго ар кандай жардам суроо аркылуу акча чогулткан алдоолор болуп, изин жашырып кеткендер болду.

Андай кылмыштардын алдын алуу үчүн «телефон уттуң» деген сыктуу смстерди ачпаш керек. Сөзсүз түрдө расмий адамдарга кабарлап, чын же калп экенин алдын ала тастыктап алыш керек. Жарандарга айтаарым, этият болуңуздар, юристтин кеңешисиз эч качан карыз бербеңиз. Бардык нерсени юристтер менен кеңешип, алдын алууга болот», -дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM