Күрөш боюнча Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында 9-октябрда грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Марлен Асикеев 1/8 финалга өттү.
Ал 67 килограмм салмакта украиналык балбан Алексей Масык менен күрөшүп, аны 7:4 эсебинде утуп алды.
Мелдештин 1/8 финалында ал норвегиялык спортчу Мортен Торсин менен күрөшөт.
Бүгүн, 9-октябрда кыргызстандык балбан Калы Сулайманов (63 кг) дагы килемге чыгат.
Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-октябрда башталган, 10-октябрда аяктайт.
Анда кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов коло утуп алышты.