Биз менен байланышыңыз

Дүйнө биринчилиги: Марлен Асикеев биринчи атаандашын жеңди

Кыска кабар , Спорт | 9 Окт 2021 | 651 | 0

Күрөш боюнча Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында 9-октябрда грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Марлен Асикеев 1/8 финалга өттү.

Ал 67 килограмм салмакта украиналык балбан Алексей Масык менен күрөшүп, аны 7:4 эсебинде утуп алды.

Мелдештин 1/8 финалында ал норвегиялык спортчу Мортен Торсин менен күрөшөт.

Бүгүн, 9-октябрда кыргызстандык балбан Калы Сулайманов (63 кг) дагы килемге чыгат.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-октябрда башталган, 10-октябрда аяктайт.

Анда кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов коло утуп алышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM