Connect with us

«Өнүгүү-прогресстин» лидери: Парламент 60% жаңыланат деген ой бар

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Окт 2021 | 812 | 0

Мажоритардык шайлоо тутумунун жакшы жагы — ар бир округдан бирден өкүл болгону. Мындай пикирин «Өнүгүү-прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ал парламенттик башкаруу системасы иштеп турган учурда деле баарын президент чечип келгенин моюндап, жаңы шайлоо системасынын жакшы жактарына токтолду.

«Эски система менен биз парламентке партия менен келгенде округдарга депутат байланбайт эле. Мисалы, биздин райондун тургуну арыз жазып, кайсы депутатка кайрыларын билбейт эле. Бүгүнкү күнү округдан шайланат жана мисалы, Биринчи май районунан чыккан депутатка кайрылат. Мындай айтканда, 36 округдан 36 өкүл болот, бул — жакшы нерсе. Экинчиси, партиянын тизмеси менен келген талапкерлер арасында орун добушунун санына жараша бөлүнөт. Депутат алган добуштан анын артында канча эли, канча добушу турганы билинет, ал ошол элдин атынан сүйлөгөнгө укуктуу болот. Ушинтип элдин добуш берүүсү аркылуу биз депутатты шайлап атабыз. Мурдагы шайлоолордо партияга добуш бергенде, кайсы депутатка канча добуш берилгенин биз билчү эмеспиз», -дейт Төрөбаев.

Ал парламенттин жаңы курамында 60% жаңылануу болот деген божомолу менен бөлүштү.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM