Биз менен байланышыңыз

Баткенде үч райондун элин бириктирген Ынтымак айылы түптөлдү

Кыска кабар | 8 Окт 2021 | 416 | 0

Бүгүн, 8-октябрда Баткенде үч райондун элин бириктирген Ынтымак айылы түзүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Бүргөндү айылынын Дюкр участкасынан быйыл жайда жаратылыш кырсыгынан үйлөрү жабыркаган 75 жаранга турак жай салуу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилди.

Ошентип үч райондун элин бир участкага жайгаштырган жаңы Ынтымак айылы түптөлө башталды. Турак жай салуу үчүн жер тилкесин алып жаткан 75 жаран Баткен районунун жана Лейлек районунун тургундары, алар жашаганга кооптуу делген аймактардан келишкен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан көчүрүү чечими чыккан. Дюкр участкасынан бүгүнкү күндө 1500дөн ашык адамга турак жай үчүн жер берилген.

Copyright © 2017 Maral FM