Бишкекте суук түшүүсү менен сасык тумоо жана дем алуу органдарынын курч кармоочу респиратордук түрү күч алды. Бул тууралуу шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы кабарлайт.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, акыркы бир жумада дем алуу органдарынын курч кармоочу респиратордук түрү (ОРВИ) 1466 адамга жукту. Былтыр ушул мезгилде 805 учур катталган.
Буга байланыштуу сасык тумоо жана курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекцияга каршы эмдөө жүрүүдө. 8-октябрга карата 2875 адам вакцина алды.
Сасык тумоого каршы эмдөө жүрүүдө