Биз менен байланышыңыз

Сасык тумоого каршы эмдөө жүрүүдө

Кыска кабар | 8 Окт 2021 | 266 | 0

Бишкекте сасык тумоо жана дем алуу органдарынын курч кармоочу респиратордук түрүнө каршы эмдөө жүргүзүү үчүн 14 миң 685 доза вакцина жеткирилди.

Бул тууралуу Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунан кабарлашты.

8-октябрга карата 2875 адам вакцина алды. «Гриппол плюс» вакцинасы орусиялык өндүрүштөн чыккан. Учурда бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда тобокел тобуна кирген балдарга сасык тумоого каршы эмдөө жүрүүдө.

Ошондой эле Тез жардам кызматында, төрөт үйлөрүндө, ооруканалардын жандандыруу бөлүмдөрүндө иштеген медициналык кызматкерлер, 65 жаштан жогору курактагы адамдар да эмдөөдөн өтүүдө.

Сасык тумоого каршы вакцинация акы алуу аркылуу жеке медициналык борборлордо да жүргүзүлөт. Алар — «Малыш», «Гиппократ», «Эдельвейс», «Кроха», «Поликлиника 312», «KG» медициналык борбору, ЦАДМИР, «Интермедикал».

Бул мекемелерде эмдөөнүн наркы 450 сомдон 700 сомго чейин турат.

Кыргызстанда суук түшүүсү менен сасык тумоо жана дем алуу органдарынын курч кармоочу респиратордук түрү күч алганы кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM