Биз менен байланышыңыз

Баткен окуясында жабыркагандар салык төлөөдөн бошотулду

Кыска кабар | 8 Окт 2021 | 465 | 0

Министрлер кабинети кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги окуяларда жабыркаган салык төлөөчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө чечим кабы алды.

Ал окуялар «ал жеткис күчтүн жагдайлары» аныктамасына дал келүүчү өзгөчө жагдайлар деп таанылды.

Чечимге ылайык, 2021-жылдын 1-апрелинен 31-декабрга чейинки мөөнөттө Баткен окуясында жабыркаган ишкерлердин тизимине киргизилген салык төлөөчүлөр (кенди кайра иштетүүчү, кен казуучу жана акциздик товарларды чыгаруучу ишканалардан, мунай продуктуларын сатуучу субъектилерден тышкары) төмөнкү салыктарды төлөөдөн бошотулду:

— киреше салыгы;

— пайда салыгы;

— кошумча нарк салыгы (импортко карата кошумча нарк салыгынан тышкары);

— сатуу салыгы;

— милдеттүү патенттин негизиндеги салык;

— ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык;

— бирдиктүү салык.

Бул ишкерлер салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын суммасынын мөөнөтүн жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө арызды салык органына бере алат.

2021-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейинки мезгилде салык калдыгынын суммасына камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөө үчүн туум көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөргө карата колдонулбайт.

Жергиликтүү кеңештерге кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткан ишкерлердин тизмесине киргизилген салык төлөөчүлөрдү жер жана мүлк салыгын төлөөдөн бошотуу сунушталды.

Copyright © 2017 Maral FM