Биз менен байланышыңыз

Президент Казакстандын эки жаранына мамлекеттик жогорку сыйлык тапшырды

Кыска кабар | 7 Окт 2021 | 301 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, «Отандастар фонду» (Казакстан) коммерциялык эмес акционердик коомунун президенти Нуртай Абыкаев менен Казакстандын Президентинин өлкө парламентиндеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Бейбит Исабаевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы эки боордош элди жалпы тарых жана салттар бириктирип турарын, ал эми Бейбит Исабаев менен Нуртай Абыкаев өлкөлөр ортосундагы толук масштабдуу байланыштарды кеңейтүүгө жана бекемдөөгө чоң салым кошконун белгиледи.

Президент «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгонун белгиледи.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн, ошондой эле эки өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу Нуртай Абыкаев «Достук» ордени, ал эми Бейбит Исабаев «Даңк» медалы менен сыйланды.

Нуртай Абыкаев жана Бейбит Исабаев жогорку сыйлыктар үчүн ыраазычылык билдиришип, казак тарап эки боордош өлкөлөр ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты улантууга кызыкдар экенин белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM