Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавируска каршы 10 миң 466 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдын маалыматтарында айтылат.
Анын ичинен 5 миң 998 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 468 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 851 миң 778 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 645 миң 340 жаран экинчи компоненти менен эмделди.
Кыргызстанда 29-мартта жалпы эмдөө башталган.