Опузалап пара алуу фактысы боюнча Ош шаардык милициясынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.
4-октябрда Ош шаардык ИИБнин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, пара алып жаткан жеринен Ош шаардык милициясынын №5 шаардык милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү милициянын лейтенанты «А.Т.» кармалды.
Ал жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кармалган кызматкер алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн пара талап кылган.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.