Биз менен байланышыңыз

«Кадамжай-автожолдун» мурунку жетекчиси бир канча кылмышка шектелүүдө

Кыска кабар | 6 Окт 2021 | 633 | 0

УКМКнын Чек ара кызматынын Р.Д. аттуу кызматкери баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектелип кармалган. Чек ара кызматы 6-октябрда тараткан маалыматка караганда, ал кызматкерге карата бир канча кылмыш иши тергелип жатат.

2021-жылдын июль айында Чек ара кызматы тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө, мамлекеттик жана аскердик сырды түзгөн маалыматтардын коопсуздугу бузулгандыгы аныкталган. Анын натыйжасында «Кадамжай-авто жол» көзөмөл өткөрүү пунктунун башчысы Р.Д. иштен бошотулган.

Учурда бул аскер кызматкерине карата бир нече кылмыш иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Мындан тышкары, 2021-жылдын сентябрында Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен майор Р.Д. Кылмыш -жаза кодексинин 268-беренеси боюнча шектелип, 2 айга камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM