Биз менен байланышыңыз

6-октябрда көпчүлүк аймакта жаан, кар жаайт

Кыска кабар | 5 Окт 2021 | 192 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 6-октябрда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорго кар түшөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1 … 6, 3 … 8;

Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн 4 … 9 , 12 … 17;

Ысык-Көл, Нарын облусунда түнкүсүн 0 … 5, күндүз 8 … 13;

Бишкекте түнкүсүн жаан, кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1 … 3, күндүз 5 … 7 °C.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM