Биз менен байланышыңыз

Инвестиция министрлигине кошумча 22 млн сом бөлүүгө комитет макул болду

Кыска кабар | 4 Окт 2021 | 378 | 0

Бүгүн, 4-октябрда парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Инвестиция министринин убактылуу милдетин аткаруучу Нурадил Баясов министрликтин чыгымдарына жана ведовствонун жумушунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кошумча каржылоо бөлүүнү суранды. Бюджеттен акча бөлүүгө депутаттар да макулдугун беришти.

«22 млн сом кошумча каражат бөлүүнү сурап жатабыз, 12 млн борбордук аппаратка, 8  млн мурда белгиленип калган бизнес-форумдарга, инвестиция тартууга байланышкан иш-чараларга, 1 млн 400 миң банкроттук иштер боюнча департаментке жана коммуналдык кызматтарга, ошондой эле командировкалык чыгымдарга төлөө үчүн суранып жатабыз», – деди министрдин орун басары.

Эске салсак, 27-сентябрда ушул эле комитеттин жыйынында Нурадил Баясов ушул эле өтүнүчү менен келген болчу, бирок депутаттар Инвистиция министрин эч кандай жыйындардан көрүшпөгөнүн, депутат Осмон Турдумамбетов каражатты кайсы жакка иштетээри үчүн минстрликтин так планы жок экендигин сынга алып, министрлик иштеп баштагандан тартып, кандай реалдуу инвестиция келгенин сураган. Ошондой эле депутаттар бул өтүнүчтү кийинки комитетке калтырууну чечишкен болчу.

Ошол эле күнү президент Инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматовду кабыл алган эле. Жолугушууда Шыкмаматов шайлоого бара тургандыгын айтып, кызматтан кетүү каалоосун айткан. Президент Садыр Жапаров Шыкмаматовдун отставкасын кабыл алууга даяр экенин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM