Биз менен байланышыңыз

Инвестиция министрлиги: Биздин чыгымдарыбызга 12 млн 85 миң сом керек

Кыска кабар | 27 Сен 2021 | 1253 | 0

Бүгүн, 27-сентябрда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Инвестиция министринин орун басары Нурадил Баясов министрликтин чыгымдарына 12 млн 85 миң сом керектигин айтты.

Баясовдун айтымында, 12 млн 85 миң сом министрликтин чыгымдарына, тагыраак айтканда, борбордук аппаратка керек. Минстрлик жаңы имаратка көчкөндөн бери тийиштүү шарттар түзүлгөн эмес жана инвестицияларды тартуу үчүн уюштурулчу иш-чараларга 8 млн сом, 1 млн 400 миң сом департаменттин чыгымдарына керек, ошондой эле иш сапарларга да каражат талап кылынууда.

Депутаттар Инвестиция министри болуп дайындалгандан бери Алмамбет Шыкмаматовду бир да жолу парламенттен көрө электиктерин жана министрлик түзүлгөндөн бери бир дагы инвестиция тартылып, ишкана курула электигин белгилешти.

Депутат Осмон Турдумамбетов каражатты кайсы жакка иштетээри үчүн минстрликтин так планы жок экендигин, министр Шыкмаматов эч кандай жыйындарга катышпай жаткандыгын айтып сынга алды жана министрлик иштеп баштагандан тартып, кандай реалдуу инвестиция келгенин сурады.

Сырттан келген инвестиция 2019-жылдагы көлөмгө жете элек

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM