Биз менен байланышыңыз

Япония премьер-министри шайланды. Өкмөттүн курамы бүгүн аныкталат

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Окт 2021 | 1424 | 0

Япониянын парламентинин төмөнкү палатасы өлкөнүн жаңы өкмөт башчысын шайлады. Ал мурдагы тышкы иштер министри Фумио Кисида өлкөдөгү башкаруучу Либерал-демократиялык партиянын төрагалыгына шайланып, премьер-министр болду.

Премьер-министр партиялар көрсөткөн талапкерлердин көпчүлүк добушу менен шайланат. Ар бир саясий кыймыл лидерлерин талапкер катары көрсөтөт. Бийликтеги партия мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгондуктан, Кисиданын өумөт башчы болуп шайланышы күтүлүп жаткан.

Министрлер кабинеттин жаңы курамы бүгүн жарыяланат. Өткөн дем алышта Кисида министрлик кызматка бардык талапкерлерди аныктаган.

Өкмөттүн 20 мүчөсүнүн ичинен 13ү биринчи жолу министр болот. Арасында 77 жаштагы министр да бар. Эң жаш министр 44 жашта.

Япониянын жаңы өкмөт башчысы Фумио Кисида бир жылдай өкмөт башчылык кызматта отурган Ёсихидэ Суганын ордуна келди. Сентябрдын башында Ёсихидэ Суга премьер-министр кызматынан кетерин билдирген.

Кисида 64 жашта, ал Япониянын 100-премьер-министри болуп калат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM