Биз менен байланышыңыз

Парламенттик шайлоо: Талапкерлердин саны 76га жетти

Кыска кабар | 3 Окт 2021 | 908 | 0

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышууну каалаган талапкерлердин саны 76га жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

74 талапкер шайлоого өз алдынча  аттанса, 2 талапкерди «Альянс» партиясы көрсөткөн. Белгилей кетсек, шайлоо мыйзамына ылайык бир мандаттуу округга талапкерди партиялар да көрсөтө алат.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM