Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда ВГИКтин филиалы ачылды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Окт 2021 | 1763 | 0

Бүгүн, 1-октябрда Өзбекстанда Ташкенттеги «Жибек Жолунун бермети» кинофестивалынын алкагында Бүткүл орусиялык кинематография институтунун (ВГИК) филиалы ачылды.

ВГИКтин Ташкенттеги бөлүмү окуу жайдын чет жерде ачылган алгачкы филиалы болуп калды.

Азырынча Ташкенттеги филиалда окууну каалаган жаштар «драматургия» жана «продюсерлик» багыттары боюнча гана билим ала алат. Окуу 1-ноябрда башталат.

Эскерте кетсек, 1919-жылы түзүлгөн бул окуу жай Совет мезгилинде Бүткүл союздук кинематография институту деп аталган. Аталган институтта Кыргызстандын атактуу кино ишмерлери билим алган. Алардын арасында Мелис Убукеев, Геннадий Базаров, Болот Шамшиев, Артыкпай Сүйүндүков, Альгимантас Видугирис ж.б. бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM