Connect with us

Өзбекстандык Жасурбек Яхшибоев Чемпиондор лигасындагы биринчи голун киргизди

Кыска кабар , Спорт | 29 Сен 2021 | 403 | 0

28нен 29-сентябрга караган түнү Чемпиондор лигасынын алкагында D тайпасында молдовалык «Шериф» футболдук клубу Испаниянын «Реал Мадрид» клубун 2:1 эсебинде жеңип алды.

Бул оюнда Чемпиондор лигасын бир нече жолу уткан «Реалды» жеңген «Шерифтин», аны менен бирге өзбекстандык футболчу Жасурбек Яхшибоевдин аты алыска тарады. Себеби ал беттеште көпчүлүккө белгисиз «Шериф» клубу «Реал Мадридди» жеңип чыгат деп ойлогон эмес.

Беттештеги биринчи голду киргизген Жасурбек Яхшибоев да футбол сүйүүчүлөрдүн назарын өзүнө бурду. Өзбекстандын басылмалары жазгандай, ал Чемпиондор лигасында гол киргизген экинчи өзбекстандык болуп калды. Буга чейин өзбекстандык футболчулардын арасында Чемпиондор лигасында Украинанын «Динамо» клубунда ойногон Маским Шацких гана гол киргизген.

Яхшибоев «Шериф» клубуна август айында польшалык «Легиядан» ижарага келген. Ал эми «Легиянын» катарына өзбекстандык оюнчу жыл башында эле кошулган болчу.

Учурда Чемпиондор лигасында D тайпасында «Шериф» 6 упайы менен биринчи, ал эми 3 упайы бар «Реал Мадрид» экинчи орунда турат.

Жасурбек Яхшибоев 1997-жылы Ташкент облусунун Чиназ шаарында төрөлгөн. Ал Өзбекстандын «Пахтакор» клубунун тарбиялануучусу болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM