Биз менен байланышыңыз

Парламент Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын кабыл алды

Кыска кабар | 29 Сен 2021 | 366 | 0

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын кабыл алды. Добуш берүүгө катышкан депутаттардын 62си макул, төртөө каршы болду.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов Толкунбек Абдыгулов өз каалоосу менен кызматтан кетип жатканын айтты. Президент анын ордуна Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин сунуштады.

Депутаттардын басымдуу бөлүгү Толкунбек Абдыгулов банк тармагында узак жылдан бери ийгиликтүү иштеп келген билимдүү жана тажрыйбасы мол адис экенин, Кыргызстандын ачка-кредиттик саясатынын ырааттуу жүргүзүлүшүнө сиңирген эмгеги зор болгонун белгилешти.

Толкунбек Абдыгулов депутат Наталья Никитенконун суроосуна жооп берип жатып, Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп барарын айтты.

«Менин кызматтан кетишимде эч кандай саясий басым болгон жок. Буга чейин айткандай эле, президент мага башка кызмат сунуштады. Кайсы кызматка барарым белгисиз болуп жаткан. Бирок азыр эле маалымат беришти. Мен президенттин буйругу менен Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп барам»,-деди Абдыгулов. 

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкты 2014-жылдан 2017-жылдын август айына чейин жетектеген. 2017-жылдын августунан ноябрь айына чейин биринчи вице-премьер-министр, 2017-жылдын 23-ноябрынан тарта вице-премьер-министр болгон.

Абдыгулов 1976-жылы 7-июнда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган.

1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин «Экономика боюнча эл аралык мамилелер» адистигин аяктаган. 1999-жылы «Банк иштери» адистиги боюнча магистратурада окуган.

2005-жылы Япониянын Нагойи университетинде «экономикалык өнүгүү» боюнча билим алган. Ошондой эле Түндүк Техас (АКШ) университетинде «мамлекеттик башкаруу» адистигин (магистрлик даража) аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1997 — 2003 — экономист, улук экономист, Улуттук банктын Инвестиция жана техникалык жактан координациялоо дирекциясынын жетектөөчү экономисти;
  • 2005 — Улуттук банктын каржы бөлүмүнүн жетектөөчү экономисти;
  • 2005–2006 — Улуттук банктын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башкы экономисти;
  • 2006–2006 — «Маалыматтык келечек» коомдук комитетинин директору;
  • 2007–2008 — Чыгыш Европа жана Дүйнөлүк банктын Борбордук Азиядагы департаментинде консультант;
  • 2008 — Борбордук Азиядагы Америка университетинде экономика кафедрасынын улук окутуучусу;
  • 2008–2009 — КРдин президенттик администрациянын экономика жана социалдык-саясий экономика бөлүмүнүн эксперти;
  • 2009–2010 — Өнүгүү, инвестиция жана инновация боюнча Борбордук агенттиктин стратегия жана программа кызматынын жетекчиси;
  • 2010 — Экономиканы жөнгө салуу министрлигинде статс-секретардын убактылуу милдетин аткаруучусу;
  • 2010–2014 — Өкмөттүн аппаратында экономика жана стратегиялык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы;
  • 2014–2017 — Улуттук банктын төрагасы;
  • 2017-жылдын августунан ноябрга чейин биринчи вице-премьер-министр;
  • 2017-жылдын 23-ноябрынан тарта вице-премьер-министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM