Биз менен байланышыңыз

Президент Улуттук банктын төрагалыгына талапкер сунуштады

Кыска кабар | 29 Сен 2021 | 394 | 0

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов кызматтан өз арызы менен кетип жатканын айтты. Толкунбек Абдыгулов кызматтан кетүү боюнча арызында башка жумушка которуларын жазган.

Президент Садыр Жапаров анын ордуна Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин сунуштаганын билдирди.

Бүгүн, 29-сентбярда парламент депутаттары Абдыгуловдун отставкасын талкуулап жатат. Көпчүлүк эл өкүлдөрү анын кызматтан кетишине каршы пикирлерин билдиришүүдө. Себеби Толкунбек Абдыгулов банк системасын мыкты билген кадр экенин, анын кетишинде башка себептер болушу мүмкүн экенин айтып жатышат.

Депутаттар Токунбек Абдыгулов парламентке келип, отставкасынын себебин айтышын жана суроолорго жооп беришин өтүнүштү.

Толкунбек Абдыгуловдун отставкага кетишинин түрдүү себептери

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM