Биз менен байланышыңыз

Парк менен кафе-ресторандардын сырткы жарыктары өчүрүлөт

Кыска кабар | 29 Сен 2021 | 703 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

“Улуттук энергохолдинг” ишканасы кечинде жана эртең менен кафе, парктарга тышкы жарыктандырууга тыюу салат. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.

Электр энергиясын бөлүштүрүүчү компанияларга буйрук берилип, өлкөнүн бардык аймактарында рейд жүргүзүү тапшырылды.

Рейддер кафе-ресторандардын, мончолордун, сауналардын, парктардын, дүкөндөрдүн жана башка тиричилик эмес керектөөчүлөрдүн көчө жана жарнак жарыктандырууларына тийиштүү.

“Улуттук энергохолдинг” ишканасы бул күз-кыш жылытуу мезгилинде электр энергиясын үнөмдөө максатында жасалып жатканын билдирет.

Демилге “Улуттук энергохолдинг” ишканасынын төрагасынын орун басары Замирбек Хожомамбетовго таандык, ага 27 -сентябрда кол коюлган.

Ашыкча жарыктандырууну өчүрүү тууралуу билдирүү «Түндүк электр» ААК, «Чыгыш электр», «Ошэлектр» жана «Жалалабатэлектр» ишканаларына жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM