Биз менен байланышыңыз

БШК: Бир партия шайлоого катышуудан баш тартты

Кыска кабар | 27 Сен 2021 | 498 | 0

Ооганстандагы согуштун ардагерлеринин жана башка жергиликтүү аскердик чыр-чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты.

Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, партия ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алган.

Партиялар үчүн шайлоо күрөөсү 1 млн сомду түзөт. Партиялар 13-октябрга чейин талапкерлеринин тизмесин БШКга өткөрүп бериши керек.

28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого 72 партия катталган. Башында 75 партия арыз берген. «Эркин Кыргызстан» жана  «Эне жүрөгү — Мекен» партияларын каттоодон өткөргөн эмес.

Copyright © 2017 Maral FM