Ооганстандагы согуштун ардагерлеринин жана башка жергиликтүү аскердик чыр-чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты.
Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, партия ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алган.
Партиялар үчүн шайлоо күрөөсү 1 млн сомду түзөт. Партиялар 13-октябрга чейин талапкерлеринин тизмесин БШКга өткөрүп бериши керек.
28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого 72 партия катталган. Башында 75 партия арыз берген. «Эркин Кыргызстан» жана «Эне жүрөгү — Мекен» партияларын каттоодон өткөргөн эмес.