Биз менен байланышыңыз

«Жүрөгү оорукчандар массаж алууда абайлашы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Сен 2021 | 1143 | 0

Өтүндө, бөйрөгүндө таш бар бейтаптарга, миома менен жабыркап жаткан аялдарга, онкологиялык оорусу барларга массаж жасатууга болбойт. Бул тууралуу дарыгер-мануалист Данияр Эгинбаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ошондой эле жүрөгү ооругандар укалоо жасатуудан абайлашы керек. Анткени жүрөк оорунун түрлөрү көп, массаж аны козгошу мүмкүн. Андыктан биринчи кардиологго барып, анын уруксаты менен мануалисттерге кайрылса болот. Башы ооругандардын арасында да массаж жардам бербей тургандары бар.

«Баш оорунун себеби моюн омурткасында болсо, 2-3 сеанстан кийин эле билинет. Бейтаптар аябай жеңилдеп, көзүнүн көрүүсү тунук боло баштайт, адам өзү сергек боло баштайт. Эгер баштын оорусу мээнин өзүндө болсо, невропатологдор толугу менен изилдөө жүргүзөт, өзүнүн диагноз коюшат, ошондон кийин гана кабыл алабыз. Моюн омурткасынын оң жана сол жагынан кан тамырлар өтөт. Башты оң жакка, же сол жакка көп буруп отурганда кан тамыр кысылып калат. Ошондо мээге аба жетпей, адам баласы тез чарчап, башы оорушу мүмкүн. Андайда массаждын жардамы тез эле байкалат. Оорунун себеби мээнин өзүндө болсо, массаж жардам бербей да калышы мүмкүн», — дейт дарыгер.

«Массаж алып турган бала вирустук ооруларга жакшы туруштук берет»

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM