Биз менен байланышыңыз

«Массаж алып турган бала вирустук ооруларга жакшы туруштук берет»

Кыска кабар , Мединфо | 24 Сен 2021 | 606 | 0

Бала төрөлгөндөн кийин физикалык көрсөткүчтөрү тез өөрчүшү үчүн массаж алдырып турган туура. Мындай пикирин дарыгер-мануалист Данияр Эгинбаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, массажды көп алган баланын дени сак болуп, вирустук, инфекциялык ооруларга көп чалдыкпайт.

«Кан айлануусу жакшырат, иммунитети күчтүү болот, бала физикалык жактан тез өөрчүйт. Жакшы уктап, ата-энеге да тынч болот. Укалоодо көбүнчө жоон ичегиге маани беребиз. Тамак сиңбесе, же эмизип аткан энеси жаңы тамак, жаңы мөмө-жемиштерди жегенде, баланын жоон ичегисинде ичеги микробдорунун реакциясы болот. Ошого жараша көбүнчө баланын ичи чоңоюп, кыймылдаган сайын ичи ооруп, ыйлай берет. Массаж убагында аны укалаганда, жоон ичегиндеги жел тез-тез чыгып турат да, бала өзүн жеңил сезип, тамак жеши жакшырып, салмакты жакшы кошуп, бою жакшы өсөт», — дейт ал.

Copyright © 2017 Maral FM