Connect with us

Улукбек Турдубеков: Ишкерликке лицензия алуу жылдан-жылга жеңилдеп келе жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Сен 2021 | 498 | 0

Мамлекетте лицензия алуу жылдан-жылга жеңилдеп келе жатат. Мындай пикирин Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) укуктук консультанты Улукбек Турдубеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мурда тоо-кен тармагы болобу, банк тармагы болобу, лицензия алуучу компания уруксатты жарым жыл-бир жылга чейин күтчү. Азыр мамлекеттик орган 20-30 күндүн ичинде жооп берет.

«Мурда мындай мөөнөттөр жок болчу. Лицензиялык комиссия чогулбай жатат, же дагы ушул сыяктуу себептер менен уруксат берүү мөөнөтү созулуп кетчү. Уруксат берүүдө талаптар дагы, лицензия алышы шарт болгон ишмердүүлүктүн түрлөрү дагы азайды. Бул жакшы жагы. Бирок терс жагы дагы бар. Кагаз түрүндөгүсү жакшы болуп жаткан менен, жылдан-жылга стабилдүүлүк жок болгондуктан, «Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат» болуп жатат. Өкмөттүн иши менен укук коргоо органдарынын иши такыр башка. Биз канча инвестициялык климат деп айтып жатканыбыз менен, өткөн жылкы октябрь окуяларынан кийин тоо-кен компанияларын, же Көлдөгү чоң туристтик объектилерди жергиликтүүлөр келип эле басып алышты. Же тоо-кен тармагында канча текшерүүлөр болду»,  -дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM