Биз менен байланышыңыз

Ош облусунда эки ирет жер титиреди

Кыска кабар | 20 Сен 2021 | 223 | 0

Ош облусунда бир күндө эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Биринчи жер титирөө кечээ, 19-сентябрь саат 8:40та катталган. Силкинүүнүн очогундагы күчү 3 баллга, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылындагы күчү 2 баллга жеткен.

Ушул эле күнү саат 21:21де дагы бир ирет жер силкинип, күчү Алай районунун Сары-Таш, Арча-Булак айылдарында 2.5 баллга жеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар катталган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM