Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Акыркы суткада 8 миң 284 адам эмделди

Кыска кабар | 19 Сен 2021 | 171 | 0

COVID-19 боюнча республикалык штабдын берген маалыматына ылайык, акыркы суткага карата 8 миң 284 адам коронавируска каршы эмделди. Булардын 3 миң 897си биринчи дозасын, ал эми 4 миң 387си экинчи дозасын алган.

Муну менен жалпы вакцина алгандардын саны 1 млн 330 миң 259 адам болду. Булардын ичинен 764 миң 437 адам биринчи дозасы, 565 миң 822 адам экинчи дозасы менен эмделген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда «Синофарм», «Спутник V», «АстраЗенека» вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM