COVID-19 боюнча республикалык штабдын берген маалыматына ылайык, акыркы суткага карата 8 миң 284 адам коронавируска каршы эмделди. Булардын 3 миң 897си биринчи дозасын, ал эми 4 миң 387си экинчи дозасын алган.
Муну менен жалпы вакцина алгандардын саны 1 млн 330 миң 259 адам болду. Булардын ичинен 764 миң 437 адам биринчи дозасы, 565 миң 822 адам экинчи дозасы менен эмделген.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда «Синофарм», «Спутник V», «АстраЗенека» вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат.