Биз менен байланышыңыз

Президент «Өзгөн» тарыхый комплексин ЮНЕСКОго киргизүүнү тапшырды

Кыска кабар , Сүрөт | 18 Сен 2021 | 17015 | 0

17-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаарында «Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук фестиваль өттү.

Иш-чарага Президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, тарыхчылар, изилдөөчүлөр, маданият ишмерлери жана чет элдик меймандар катышты.

Жапаров кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын этно-жарманкесин көрдү. Ал сөз сүйлөп жатып, ата-бабалардын тарыхый жана маданий мурастарын, алардын бири болгон «Өзгөн» комплексин сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Маданият министрлигине ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине «Өзгөн» тарыхый комплексин 2025-жылга чейин киргизүүнү тапшырды.

Иш-чара Кыргызстандын бардык облустарынан этно-фестивальга катышуу үчүн келген манасчы жана төкмө акындарды сыйлоо аземи менен аяктады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM