Биз менен байланышыңыз

Орусияда үч күндүк шайлоо башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Сен 2021 | 947 | 0

Бүгүн, 17-сентябрда Орусия Мамлекеттик Думасында 12 автономиялык өлкөнүн башчыларын (тогузун эл жана үчөөнү парламент шайлайт) жана 39 аймактын мыйзам чыгаруу органдарынын депутаттарын шайлоо башталды.

Үч күнгө созулган шайлоонун негизги күнү 19-сентябрга белгиленген. Добушканалар 17-18-19-сентябрда эртең мененки саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин иштейт.

Обочолонууга кеткен Орусиянын президенти Владимир Путин 16-сентябрда элге кайрылып, шайлоого катышууга чакырган.

Ал шайлоочулар добушканага келип же аралыктан электрондук түрдө добуш бере аларын белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM