Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Унаа» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси алмашты. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.
16-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон буйрукка ылайык, «Унаа» мамлекеттик ишканасына Рустам Жокоев жетекчи болду.
Буга чейин бул кызматты Турусбек Түмөнбаев ээлеп келген. Ал 13-сентябрда иштен алынган.
Турусбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы экени белгилүү болгон. 11-сентябрда Актилек Капаровдун «Садыр Жапаровдун кудасы жана жарым миллиардык тендер» аттуу «Унаа» мамлекеттик мекемесиндеги эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк, унаалардын техникалык паспортун даярдоо үчүн жарыяланган тендердеги көмүскө иштерди иликтеген видеомакаласы Temirov LIVE Ютуб каналында эфирге чыгып, социалдык тармактарда катуу талкуу жараткан.
Андан кийин Улукбек Марипов аталган тендердин жыйынтыгы буга чейин эле жокко чыгарылганын, учурда текшерүү жүрүп жатканын видеокайрылуу аркылуу маалымдаган.
Рустам Жокоев 34 жашта.
2004-2010-ж.ж. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Жол коопсуздугун башкаруу боюнча адис инженер
Магистратура:
КРПкМБА «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» – студент.
Орто кесиптик:
№47 кесиптик лицей, “Айыл чарба өндүрүшү” Тракторист, механик, оңдоочу, 3 -разряд (артыкчылык диплому менен) 2001-ж.
№94 кесиптик лицей, электромеханик, 2004 -ж.
Кошумча билими:
КРПкМБА кайра даярдоо программасы боюнча курс “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруунун негиздери” 2016-ж.
КРПкМБА “Административдик иш жана административдик жол -жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча тренинг 2016-ж.
Компьютердик курстар “ПК колдонуучу” 2011-ж.
Эмгек стажы: |
2020-ж. – 2021-ж.
03.08.2020-ж. – 14.12.2020-ж.
17.09.2019-ж. – 29.07.2020-ж. |
Президенттин жана Өкмөттүн Аппаратынын алдындагы “Ала-Арча” КМЖП мамлекеттик мекемесинин директору;
Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу;
Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Нарын аймактык “Унаа” мамлекеттик мекемесинин башчысы; |
09.03.2019-ж. –
17.09.2019-ж. |
Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн бөлүмүнүн адиси; |
13.04.2018-ж. –
09.03.2019-ж. |
Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин Бишкек шаардык каттоо жана сынак бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу; |
20.10.2016-ж. –
13.04.2018-ж. |
Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо департаментинин Бишкек шаардык каттоо жана сынак бөлүмүнүн башкы адиси; |
09.03.2016-ж. –
20.10.2016-ж. |
Мамлекеттик каттоо кызматынын транспорт каражаттарын жана айдоочулар персоналын каттоо департаментинин атайын технологиялык машиналарды каттоо боюнча Чүй-Талас аймактык бөлүмүнүн башкы адиси; |
2010-ж. –2013-ж. |
«Билим-Агро» АК инженер-механик. |