Биз менен байланышыңыз

Маданият адамдары Садыр Жапаровдон саясатчыларга чара көрүүнү өтүнүшкөн

Кыска кабар | 15 Сен 2021 | 2226 | 0

Фейсбук социалдык тармагында бир нече коомдук ишмердин президент Садыр Жапаровго кайрылуусу жарыяланды. Анда саясатчы Туйгунаалы Абдраимов, азыркы парламенттин депутаттары Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, мурдагы депутаттар Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошева, Бакыт Жетигенов жана Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдордун 17 -сентябрда «100 миң адам алып чыгып, бийликти алмаштырабыз» деген лозунг менен массалык маалымат каражаттарына билдирүү берип жатканын айтышып, ага чара көрүүнү өтүнүшкөн.

Мамлекет башчысына кайрылууга маданияттын мыктысы Сонунбүбү Кадырова жана эстрада ырчысы Венера Пирматова кол коюшкан. Ал эми Кыргыз эл акыны Менди Мамазаирова, Кыргыз эл артисти Шайгүл Алсеитова, окумуштуу Үмүт Култаева жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Абаз Чикеев телефон аркылуу макулдугун берген.

Бирок, Кыргыз эл акыны Менди Мамазаирова өзүнүн Фейсбук баракчасына катка кол коюп бербегенин жана каттагы белгиленген инсандарга тескери пикир билдирүүсү мүмкүн эмес экенин айткан.

«Бүгүн бир каттын айынан коомчулукта ызы-чуу болуп жатканын билбептирмин. Кечке сьемкада жүрүп, кечинде көрдүм. Сонунбү Кадырова эк-үч күн мурда мага чалып: «Эже, Туйгуналы Абдыраимов ызы-чуу уюштурмакчы болуп жатыптыр, кат жаздык кол коюп бересизби?» — деди. Мен коомдогу ызы-чуудан тажагандыктан, макул дегем, бирок кол коюп берген эмесмин. Катты көргөн да эмесмин. Ал эми каттагы белгиленген инсандар — мен сыйлаган инсандар. Алар тууралуу жаман пикир айтышым мүмкүн эмес. Жылдыз Жолдошова, Ахматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Курсан Асановдор тууралуу тескери пикир билдиришим да мүмкүн эмес. Менин атымды мен көрбөгөн, мен кол койбогон каттарга пайдалана беришкени туура эмес».

Бул боюнча профессор Үмүт Култаева да «Фейсбук» баракчасына кайрылуу жасап, текстти көрбөгөнүн, болгону митингдерге гана каршылыгын билдиргенин жазды.

«Мага телефон чалып, кабатыр болгон жакын санаалаштарымдан Кадырова жазган чуулгандуу тексттин мазмунун уктум. Текстти көргөн эмесмин, кол койгон эмесмин. Кадырова буга чейин да бир нече жолу чакырган. Барган эмесмин. Бул жолу митингге каршымын дегем. Ал менден тизмеге кошсом болобу деп гана сураган. Бир жакка шашып баратып, мейлиң дегем. Кайрылуу конкреттүү адамдарга каршы багытталганын билбептирмин. Текст даяр болгондо кол коюуга алып келсе, окуп көрөм дегем. Ал текстти көрсөтпөй жарыялаганы акмакчылык болгон экен». 

Ал эми саясатчы Акматбек Келдибеков президентке кайрылуу жасаган адамдар сотто көрсөтмө берүүгө милдеттүү экенин, антпесе кайрылуу жалган маалымат катары бааланарын Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, далилсиз каралоолор менен жалпы элге жалган маалымат таркаткан адамдар жоопко тартылуусу кажет.

«Садыр Жапаровдон 2021-жылдын 14-сентябрында соцтармактарга жана айрым массалык маалымат каражаттарына «И.Исаков, А.Келдибеков, Ж.Жолдошева жана башкалар 17-сентябрда 100 миң адамды чогултуп, митинг жасап, бийликти алмаштырабыз деген лозунг менен массалык маалымат каражаттарына маек берип, алардын тарапташтары курал-жарак чогултуп жатат экен» деген акылга сыйбас, элдин тынчтыгына, мамлекеттин бүтүндүгүнө кол салган жалган маалымат ээлерин жана көшөгө артында турган кожоюндарын ачыкка чыгарып, мыйзам чегинде жазалоону суранам. Анткени, мен кайрылууга кол койгон айрым адамдар менен сүйлөштүм. Алар кол койгон текстте И.Исаковдун, Ж.Жолдошеванын, А.Келдибековдун аты-жөнү болгон эмес экенин далилдеп беришти. Ошондуктан бул «шайлоо алдында эл ишенимине ээ болбой калабыз деп корккон айрым бир саясий күчтөрдүн арамза ойлорунун жыйынтыгы» деп билем. Ошондуктан мындай адамдар сөзсүз түрдө иликтенип жазаланышы керек деп ойлойм«, — деп жазган Келдибеков.

Кошумчалай кетсек, бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча козголгон иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов шектелип жатканын Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов билдирген. Кечээ, 14-сентябрда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов камакка алынган.

Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев эч качан күч менен басып алууга аракет болбогонун айтып, акылга сыйбаган көрүнүш болуп жатканын белгилеген.

Акаев: Эч бир далили жок видео аркылуу жоопко тартуу — уят иш

Copyright © 2017 Maral FM