Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жаңы окуу жылы кадимки режимде башталды

Кыска кабар | 15 Сен 2021 | 359 | 0

Бүгүн, 15-сентябрда Кыргызстанда жаңы окуу жылы кадимки режимде башталды. Былтыркы окуу жылы пандемияга байланыштуу аралыктан өткөн.

Быйыл өлкө боюнча 158-159 миң бала 1-класска барат. Мектептерде беткап тагуу сунушталат. Себеби учурда эпидемиологиялык кырдаал туруктуу болгону менен абал өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Ал эми Бишкек шаарындагы мектептерде дарыгерлердин сунушуна ылайык, беткап тагуу милдеттүү экени айтылган.

Мектептерде билим берүү кызматкерлеринин 70 пайызы коронавируска каршы вакцина алган. Ата-энелер бала үйдө өзүн жаман сезсе, мектепке же окуу жайга жибербеши керек. Дароо дарыгерге алып баруу зарыл.

Кыргызстанда жалпысынан 2200дөй мектеп бар, анда бир миллиондон ашуун окуучу билим алат.

Copyright © 2017 Maral FM