Биз менен байланышыңыз

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү

Кыска кабар | 15 Сен 2021 | 491 | 0

Министрлер кабинетинин алдында жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Документ башкаруу тутумун оптимизациялоо жана «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Агенттик бул мыйзамга ылайык жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочуларды (ээлерин) каттоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочулардын реестрин жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле башка милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

Copyright © 2017 Maral FM