Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 26-сентябрда ак илбирсти сактоого арналган жарым марафон өтөт

Кыска кабар , Спорт | 14 Сен 2021 | 790 | 0

Бишкекте 26-сентябрда ак илбирсти сактоого арналган SNOW LEOPARD RUN эл аралык жарым марафону өтөт.

Жарышты Nomad Sport компаниясы уюштурууда. Ага кесипкөй жөө күлүктөр жана спорт сүйүүчүлөрү катыша алат.

Катышуучулар 1, 5, 14 жана 21,1 чакырымга (жарым марафон) чуркашат. Ошондой эле 3төн 10 жашка чейинки балдар үчүн Kid’s Run жарышы өткөрүлөт.

Байге фонддо каралган 200 миң сом жарым марафондо биринчи, экинчи жана үчүнчү келгендерге берилет.

Жарышка катышууну каалагандар 25-сентябрга чейин акчасын төлөп каттоодон өтүшү керек. 5, 14 жана 21,1 чакырымга онлайн каттоо 1 миң 500 сом, 1 чакырымга 700 сом жана балдардын жарышы 350 сом турат.

Ал эми Nomad Sport компаниясынын кеңсесине келип катталуу 5, 14 жана 21,1 чакырымга 1 миң 700 сом, 1 чакырымга 900 сом жана балдардын жарышы 400 сом болот.

Чогулган акчанын бир бөлүгү ак илбирсти коргоо боюнча иштерге жумшалат. Уюштуруучулардын айтымында, быйыл чогулган акчага ак илбирсти сактоо иштерин алып барган «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын дирекциясына эки «Нива» унаасы алып берилет.

Катталгандардын саны 5 миңге жеткенде каттоо токтотулат.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу жарышта санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышына көңүл бурулат.

Кененирээк маалыматты Nomad Sport компаниясынын сайтынан алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM