Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан БШКсы президенттикке талапкерлерди каттоону аяктады

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Сен 2021 | 469 | 0

Өзбекстанда 24-октябрда өтө турган шайлоодо президенттикке талапкер болгондордун баары каттоодон өттү. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Президенттик кызматка 5 адам талапкерлигин койгон.  Алгач «Улуттук кайра жаралуу» («Миллий тикланиш») партиясы көрсөткөн Алишер Кадиров, Экологиялык партия көрсөткөн Нарзулло Обломурадов катталган. Андан кийин Элдик-демократиялык партиядан Максуда Варисова, Либерал-демократиялык партиядан Шавкат Мирзиёев жана «Адилет» («Адолат») социал-демократиялык партиясынан Бахром Абдухалимов каттоодон өткөн.

Мыйзамга ылайык Өзбекстанда шайлоо өнөктүгүнүн башталышы жарыяланган күнгө чейин 4 ай мурда каттоодон өткөн партиялар гана президенттике талапкер көрсөтө алат. Ага байланыштуу учурда коңшу мамлекетте президенттикке талапкерди 5 партия сунуштай алат: «Адолат» социал-демократиялык партиясы, «Миллий тикланиш» демократиялык партиясы, Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы, Элдик-демократиялык партия жана Экологиялык партия.

Мындан мурда Өзбекстанда президенттик шайлоону өткөрүүгө 300 млрд сум (28 млн 307 миң доллар) кетери айтылган.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда мамлекеттик тилди жакшы билген, өлкөдө 10 жылдан ашуун жашаган 35 жаштан жогорку жаран президенттикке талапкер боло алат. Президент 5 жылга шайланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM