Connect with us

Өнөр жайчыларды нааразы кылган тариф саясаты

Коом , Экономика | 14 Сен 2021 | 1360 | 0

Кыргызстанда 2015-жылдан бери өзгөрбөй келген электр энергиясынын жаңы тарифтик саясаты ишке кирүү алдында турат. Өлкө калкы ноябрь айынан тарта электр энергиясын, ысык сууну жана жылуулукту жаңы тариф менен төлөп башташы мүмкүн.

Өлкөдөгү өнөр жай өндүрүш ишканаларынын ээлери электр энергиясынын жаңы тарифи аларды туңгуюкка кептей турганын айтып жатышат.

Жаңы тариф боюнча алтын кен сыяктуу өндүрүштүк ишканалар, майнинг фермалар электр энергиянын бир кВт/саатына 5 сом 4 тыйындан төлөшү керек.

Июль айынын соңунда өнөр жайчылар Энергетика министрлигине жана президентке кайрылуу жөнөтүп, бул тариф алар үчүн өтө көп экенин, эл керектөөчү товарлар кымбаттап кетерин айтышкан.

Жыйынтыгында цемент заводдор үчүн тариф буга чейин 5 сом 4 тыйын деп көрсөтүлгөн болсо, учурда 3 сом 28 тыйынга төмөндөгөн.

Цемент заводдун жетекчиси Насырбек Давлетов өнөр жай ишканаларынын тарифин майнинг фермаларга теңеп койгону туура эмес деп эсептейт.

— Биздин ишканалар майнинг фермаларга караганда, эл керектөөчү товарларды өндүрөбүз, бизде эле 500дөй киши иштейт. Жүздөгөн миллион сом салык, социалдык төлөмдөрдү жасайбыз. Экспорттолгон товарларыбыздан мамлекетке акча түшүп жатат. Бирок электр энергиясынын тарифин эки эсе көтөрүп жатканы бизди тынчсыздандырууда. Себеби кызмат көрсөтүүлөр, сырье канчалык кымбаттаса, товар да ошончо кымбаттайт. Бул элдин чөнтөгүнө таасир этет. Азыр турак жай рыногу, азык-түлүк — баары кымбаттады. Тариф жогоруласа дагы кымбаттайт, муну эл көтөрө алабы? Маселе ушунда. Энергетика министрлигин да түшүнсө болот. Бирок орток жолду табуу керек. 

Ал ортодо электр энергиясынын жаңы тарифи ушул жылдын октябрь айында киргизилери айтылды. Тарифтин долбоору жаз айынан бери коомдук талкууда болгон. Учурда документ Президенттин администрациясынын жана Министрлер кабинетинин аппаратынын кароосунда турат.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев 14-сентбрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдиргендей, эгер документ күчүнө кирсе, октябрдын соңунда же ноябрдын башында электр энергиясы, ысык суу жана жылуулукка жаңы төлөм кирет.

-2021-2025-жылдарга электр энергиясынын жаңы орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын долбоору октябрь айынан тарта күчүнө кирсе, жаңы эсептер келе баштайт. Жакын арада документке кол коюлат.

Электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү жаз айларында президент Садыр Жапаров тарабынан сунушталган. Өлкө башчы тариф көтөрүлгөн чакта да энергетика тармагы кризистен 3 жылдан кийин чыгарын айткан.

Ушул жылдын 1-сентябрынан тарта электр энергиясынын бир кВт/сааты 1 сом 9 тыйындан эсептелери айтылган. Эгер абонент бир айда 1000 кВт/сааттан ашык электр энергиясын колдонсо, анда 2 сом 52 тыйындан төлөйт.

Бийлик суу жетишсиз болгону үчүн гана тарифти көтөргөн жок. Бул энергетикадагы тешикти жамоого болгон аракет.

Энергетика министрлигинин тарифти жана бааны жөнгө салуу башкармалыгынын башкы адиси Бектеналы Эгемберди уулу жарыкка болгон тарифти көтөрүүнүн зарылдыгын мындай түшүндүрдү.

— Биз жаңы тариф саясатын иштеп чыгардан мурун 2025-жылга чейин энергетика тармагына анализ кылып чыкканбыз. Алдыдагы 5 жылда бүгүнкү тарифти өзгөртүүсүз калтырсак, энергетикадагы акча тартыштыгы 19 млрд сомго барабар болуп калат экен. Бүгүнкү күндө бул тармакка бөлүнгөн каражат 20 млрд сом. Башкача айтканда, киреше менен тартыштык бирдей болуп калат экен. Бирок биз кызматкерлерге айлык берүүбүз керек, жабдууларды оңдоодон өткөрүү керек, жаңы конуштар ачылса, ал жакка чейин линия тартышыбыз керек. Мунун баары жасалбай калат, болгону электр энергияны өндүрүп, сатуу менен гана алек болуп калабыз, энергетика тармагы нөлгө түшөт.

Кыргызстанда жылына орто эсеп менен 14-15 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Быйыл электр энергиясын колдонуу көбөйгөндүктөн Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз. Мындай учурда коңшу мамлекеттерден электр энергиясы импорттолот.

Келишим боюнча Казакстан Кыргызстанга быйыл 900 млн кВт/саат электр энергиясын берет. Муну менен ГЭСтеги суу толот. Казакстандан электр энергиясы бекер алып келинип, 3 жылда кайра кайтарылып берилет.

Ушул эле принцип менен Өзбекстандан 750 млн кВт/саат электр энергиясы алынат.

Мындан тышкары Бишкек жылуулук электр борборунан да электр энергиясын иштеп чыгаруу пландалган.

Учурда Кыргызстанда 700 кВт/саатка чейинки электр энергиясынын 1 кВт саатына 77 тыйындан төлөнөт, андан ашса 2 сом 16 тыйындан алынат. Бул — 2015-жылы бекитилген тариф.

Copyright © 2017 Maral FM