Биз менен байланышыңыз

Акжол Махмудов күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына барбайт

Кыска кабар , Спорт | 14 Сен 2021 | 1893 | 0

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов (77 кг) 2-10-октябрь күндөрү Норвегиянын борбору Осло шаарында өтө турган күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына барбайт.

Махмудов күрөшкөн салмакта мелдешке Кайрат Түгөлбаев бара турган болду.

Бул Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 10 спортчу: Нурмухаммет Абдуллаев (55 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Калы Сулайманов (63 кг), Амантур Исмаилов (67 кг), Руслан Царев (72 кг), Кайрат Түгөлбаев (77 кг), Калидин Асыкеев (82 кг), Азат Салидинов (87 кг), Бексултан Махмудов (97 кг), Роман Ким (130 кг) катышат.

Белгилей кетсек, буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн Дүйнө чемпионатына Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг) барары айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM