Биз менен байланышыңыз

Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча айыпталуучуларга сот өкүмү чыкты

Кыска кабар | 14 Сен 2021 | 676 | 0

Быйыл апрель айында уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча айыпталуучуларга сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу жактоочу Нурбек Токтакунов билдирди.

Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык Айзада Канатбекованы уурдоого катышкан Ажикабыл Рысбай уулу, Сыймык Молдосариев жана Орузбек Нурумбетов 7 жылга, Кубаныч Токон уулу жана Замирбек Раманкулов 6,6 жылга эркинен ажыратылган.

Андан тышкары соттун өкүмүнө ылайык, айыпталып жаткан тарап Айзаданын жакындарына моралдык жана материалдык зыян катары 100 миң сом төлөп берет.

Жактоочу Нурбек Токтакунов алар соттон ар бир айыпталуучудан 100 миң сомдон кенемте төлөтүүнү суранганын айтып, бул чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна арызданарын белгиледи.

Эскерте кетсек, быйыл 5-апрелде Айзада Канатбекованы топ балдар унаага салып уурдап кеткен. Эки күндөн кийин Канатбекованын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Бишкектин четиндеги айылдан табылган. Айзаданы урдоого катышкан адамдар кармалып, аларга иш козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM