Биз менен байланышыңыз

Дагы 81 миңге жакын адам шайлоочулардын тизмесине кирди

Кыска кабар | 14 Сен 2021 | 490 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого карата шайлоочулардын алдын ала тизмесин жарыялады.

Азыркы тапта тизмеде 3 млн 686 миң 921 жаран бар. Алардын 1 млн 766 мин 898и эркектер болсо, 1 млн 920 миң 23ү аялдар.

Быйыл 11-апрелде өткөн референдумга караганда шайлоочулардын саны 80 миң 720 адамга көбөйгөн.

Шайлоочуларды тактоо 19-сентябрдан 12-ноябрга чейин жүргүзүлүп, акыркы тизме 18-ноябрда tizme.gov.kg сайтына жарыяланат.

Copyright © 2017 Maral FM