Биз менен байланышыңыз

Донорлор Ооганстанга 1,1 млрд доллар чогултуп берет

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Сен 2021 | 432 | 0

Донорлор Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 1,12 млрд доллар чогултуп берүүнү убада кылды. Бул тууралуу Женевадагы донорлордун жолугушуусунан кийинки маалымат жыйында Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирди.

«Эл аралык коомчулук Ооганстанга жардам берүү үчүн азыр бардык күчтү жыйноо керек деген бир пикирде», — деди ал.

Конференцияда Гутерриш донорлорго кайрылып, көп жылдык согушту баштан кечирип, учурда оор күндөрдү өткөрүп жаткан Ооганстандын элине жардам берүүгө чакырган.

Гутерриш «Талибан» кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) гуманитардык операцияны ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берүүгө жана гуманитардык кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылууга милдеттенме алганын белгилеген.

Белгилей кетсек, буга чейин БУУ Ооганстанга жыл аягына чейин гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн донорлордон 606,2 млн доллар сураган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM