Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда уранды иштетүүгө уруксат берүү сунушталууда

Кыска кабар | 13 Сен 2021 | 720 | 0

Кыргызстанда уранды иштетүүгө уруксат берүү сунушталууда. Мындай демилгени Энергетика жана өнөр жай министрлиги көтөрүп, тиешелүү мыйзам долбоорду коомдук талкууга чыгарды.

Документке ылайык, курамында уран жана торий бар чийки заттарды жана калдыктарды өлкөгө алып келүүгө, жеке жана юридикалык жактарга уран, торий кендерин иштетүүгө мурункудай эле тыюу салынат.

Ошол эле учурда 100%дык мамлекеттик үлүшү бар чарба субъекттери менен мамлекеттик ишканаларга уран, торий кендерин, радиактивдүү калдык сактоочу жайларды иштетүүгө уруксат берүү сунушталууда. Ошондой эле 100%дык мамлекеттик үлүшү бар чарба субъекттери же мамлекеттик ишканалар инвестор менен биргелешкен ишкана ачып, уран, торий кендерин, радиактивдүү калдык сактоочу жайларды иштете алат.

Эскерте кетсек, 2019-жылы Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө эл каршы чыккандан кийин Кыргызстанда уран, торий кендерин иштетүүгө мыйзам түрүндө тыюу салынган.

Copyright © 2017 Maral FM