Биз менен байланышыңыз

Президент Садыр Жапаров Душанбеге барат

Кыска кабар | 13 Сен 2021 | 639 | 0

Президент Садыр Жапаров 16-сентябрда Тажикстандын борбору Душанбе шаарына барат. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтына жазылды.

Ал Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун сессиясына катышат. Уюмга мүчө мамлекеттердин президенттери эл аралык жана аймактык коопсуздук боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Мындан тышкары, 17-сентябрда Душанбеде ШКУнун саммити да өтөт. Президенттердин жолугушуусуна Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Орусия, Өзбекстан, Беларусь, Ирандын президенттери, Пакистандын өкмөт башчысы барат. Ал эми Кытайдын лидери Си Цзиньпин жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, ШКУга байкоочу болгон Монголиянын президенти да саммитке келбейт.

Алдыдагы саммит ШКУнун 20 жылдыгын утурлай өткөрүлүп жаткандыктан уюмдун дээрлик чейрек кылымдагы иши, келечеги, Ооганстандагы кырдаал, коронавирус пандемиясы алып келген кризистен чыгуу жана башкалар талкууланат.

Copyright © 2017 Maral FM