Биз менен байланышыңыз

Президенттин кудасы Турусбек Түмөнбаев кызматтан алынды

Кыска кабар | 13 Сен 2021 | 1398 | 0

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын директору Турусбек Түмөнбаев кызматтан алынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Белгилей кетсек, Турусбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы болот. 11-сентябрда Актилек Капаровдун «Садыр Жапаровдун кудасы жана жарым миллиардык тендер» аттуу «Унаа» мамлекеттик мекемесиндеги эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк жана унаалардын техникалык паспортун даярдоо үчүн жарыяланган тендердеги көмүскө иштерди иликтеген видеомакаласы Temirov LIVE Ютуб каналында эфирге чыгып, социалдык тармактарда катуу талкуу жараткан.

Андан кийин Улукбек Марипов аталган тендердин жыйынтыгы буга чейин эле жокко чыгарылганын, учурда текшерүү жүрүп жатканын видеокайрылуу аркылуу маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM