Биз менен байланышыңыз

Электрондук эсеп: Бюджетке түшкөн акча 3 млрд сомго көбөйдү

Кыска кабар | 13 Сен 2021 | 323 | 0

2021-жылдын 1-сентябрына карата электрондук эсеп-фактураны дээрлик 15 миң салык төлөөчү пайдаланды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтарында айтылат.

Долбоор ишке киргизилгенден тарта 2021-жылдын 1-сентябрына карата электрондук эсеп-фактуранын маалыматтык системасында 14 миң 977 салык төлөөчү катталган. Ошол эле учурда 1 трлн 104 млрд 353 млн 84 миң сом суммасында 7 млн 742 миң 31 эсеп-фактура таризделген.

Салык төлөөнү фискалдаштыруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында, бул компонентти киргизүү салыктык башкарууга оң таасирин берген. 2021-жылдын 8 айында өлкө аймагында өндүрүлгөн продукцияга КНСтин 9 млрд 981,1 млн сому бюджетке түшкөн.

2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 3 млрд 683,5 млн сомго көп.

2020-жылдын 1-июлунан тарта кошумча нарк салыгын төлөгөн жана товарларды импорттоочу, экспорттоочу жарандар электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү тариздөөгө өтүшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM