Биз менен байланышыңыз

Кытай жана Индиянын лидерлери Душанбедеги ШКУ саммитине келбейт

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Сен 2021 | 490 | 0

Кытайдын лидери Си Цзиньпин жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 17-сентябрда Душанбеде өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине келбейт. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министрлиги билдирди.

Бул уюмга мүчө мамлекеттин лидерлеринен тышкары ШКУга байкоочу болгон Монголиянын президенти да саммитке келбейт. Алар жыйынга онлайн катышат.

Ал эми президенттердин жолугушуусуна Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Орусия, Өзбекстан, Беларусь, Ирандын президенттери, Пакистандын өкмөт башчысы келет.

Алдыдагы саммит ШКУнун 20 жылдыгын утурлай өткөрүлүп жаткандыктан уюмдун дээрлик чейрек кылымдагы иши, келечеги, Ооганстандагы кырдаал, коронавирус пандемиясы алып келген кризистен чыгуу жана башкалар талкууланат.

Андан тышкары саммиттин алкагында Иранды уюмга мүчө кылып алуу процедурасын баштоо, Египет, Сауд Арабиясы жана Катарга диалог боюнча өнөктөш макамын берүү тууралу чечим кабыл алынат.

Эскерте кетсек, ШКУга Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусия, Пакистан жана Индия мүчөлүк кылат. Ооганстан, Беларусь, Иран, Монголиянын байкоочу мамлекет, Армения, Азербайжан, Шри-Ланка, Камбоджа, Түркия жана Непалдын диалог боюнча өнөктөш макамы бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM